Балыкчы шаарынан Бостери айылына чейин темир жол курулат

Балыкчы шаарынан Бостери айылына чейин темир жол курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында билдирди. Анын айтымында, учурда “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы кирешеге иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтүп жатат.

 

Андыктан, вагондорду, темир жол рельстерин жаңыртуу жүрүп жатат.

 

Узундугу 183 чакырым болгон Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу уланууда, андан кийин Балыкчыдан Бостериге чейинки темир жол курулат, — деди өлкө башчы.