Бишкек ЖЭБи жылуулук берүү сезонуна 80 пайыз даяр.
Бул тууралуу жылуулук борборунун директору Андрей Воропаев билдирет.
Анын айтымында, учурда объектиде оңдоп-түзөө жумуштары аткарылып жатат.
Аларды 1-ноябрга чейин бүтүрүү пландалууда. Воропаев белгилегендей,
иштер тынымсыз жүрүүдө, жылуулук берүү сезону
графикке ылайык өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей берилет.