Республикада акыркы сутка ичинде 10 адамдан КОВИД-19 аныкталды

Республикада акыркы сутка ичинде 10 адамдан КОВИД-19 аныкталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык,

алардын бешөө Бишкекте, үчөө Ошто жана Баткен, Нарын облустарында

бирден адам. Ал эми 42 бейтап илдеттен айыгып чыкты. Жалпысынан

өлкөдө коронавирус 756 адамдан тастыкталды,

504ү сакайып чыкса, 8 бейтап каза тапты.