Унаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат берилгенден кийин бир айда эле бюджетке дээрлик 70 миллион сом түштү

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат берилгенден кийин бир айда эле бюджетке дээрлик 70 миллион сом түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

“Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан 1-июндан 8-июлга чейин 864 унаага уруксат кагазы берилди.

 

Эске салсак, мыйзамга ылайык, унаалардын айнектерине тонировка чаптоого бир жылдык уруксат алуу үчүн жеке жактар 80 миң сом, юридикалык жактар 100 миң жана чет элдиктер 120 миң сом төлөшү керек.