Бишкектин мектептеринин кире беришине атайын фильтр орнотулат

Бишкектин мектептеринин кире беришине атайын фильтр орнотулат. Мугалимдер жана окуучулардын дене табы күн сайын текшерилет. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынын адиси Чынара Исакова билдирди.

 

Анын айтымында, маалымат күн сайын атайын журналга катталып, статистика жүргүзүлөт. Мектептерде беткап режими сакталып, балдар улам антисептик колдонуп турушу керек.

 

Белгилеп кетсек, алдын ала маалымат боюнча, ордо калаа мектептери 77 мин орунга чакталса, аларда 170 миң окуучу билим алат.