Кыргызстанда 1-сентябрга карата 10 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 10 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен novosti.kgге билдиришкендей, алар 6 жалпы билим берүү

мекемеси жана 4 кошумча корпустар. Объектилер Чүй, Баткен, Ош жана Талас облустарынын

райондорунда жайгашкан.  Агенттиктен белгилешкендей, аталган курулуштарды толугу менен

аягына чыгарууга дагы 29 миллион сом керектелет. Акчалар өз мөөнөтүндө бөлүнүп берилсе,

иштер августун аягына чейин бүтүп калат. Каржылоо мамлекеттик бюджет тарабынан ишке ашууда.