Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы үчүн видео сабактарды тартууну улантууда.
Иштерге сынактык негизде 260 мугалим тандалып алынды. Педагогдор алдын-ала атайын окуудан өтүштү.
Жаңы видео сабактардын сапатына көңүл бурулат. Аларды тартуу учурунда жыйынтыкталган окуу жылында
кетирилген кемчиликтер эске алынат. Видео материалдар oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт.
Алар 1-сентябрдан тартып республикалык телеканалдар аркылуу сабактардын жүгүртмөсүнө ылайык көрсөтүлө баштайт.