Билим берүү министрлиги мектептерде окуу процессин жандантууга 3 вариантты сунуштап жатат

Билим берүү министрлиги мектептерде окуу процессин жандантууга 3 вариантты сунуштап жатат.

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдиргендей,

биринчиси окуучулардын саны 300гө жетпеген мектептерде бардык класстар кадимки режимде сабактарды улантат,

экинчиси 600гө чейин окуучусу бар мектептер этабы менен класстарды ачса болот, үчүнчүсү 600дөн ашык

окуучулар болгон билим берүү мекемелеринде сабактар ийкемдүү график менен жүргүзүлөт.

Кусеинова кошумчалагандай, мектептерди ачууга санэпидемкөзөмөлдүн уруксаты болушу шарт.