Жыл аягына чейин өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептер оңдоп-түзөлөт

Жыл аягына чейин өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептер оңдоп-түзөлөт.

Мындай убаданы премьер-министр Кубатбек Боронов берди. Анын айтымында,

Москва, Өзгөн, Кара-Буура жана Нарын райондорундагы окуучулар мектепте шарт жок болгондуктан

лагерь, турак жайлар жана контейнерде билим алып келишкен. Ушундай кемчиликтер жоюлуп,

мектептерде сабак өтүүгө шарттар түзүлөт. Иштер кеч башталганына карабастан

өз мөөнөтүндө жыйынтыкталат, — деп кошумчалады Боронов.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 200 гө жакын мектеп авариялык абалда.