Бишкекти Айбек Жунушалиев жетектейт

Бишкекти Айбек Жунушалиев жетектейт. Бүгүн шаар жетекчисин шайлоо маселеси Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралып, депутаттардын 43ү Жунушалиевдин мэр болуп калышына макулдугун берди.

 

Жунушалиев добуш берүүгө катышкан жалгыз талапкер болду. Аны өкмөттүн көпчүлүк коалициясы сунуштаган.

 

Эске салсак, бул 2020-жылдын октябрь айынан бери алгачкы шайланган мэр. Бийлик алмашкан соң ага чейинки жетекчи Азиз Суракматов отставкага кетип, ошондон бери мэрдин милдетин бир нече адам аткарган.