Кыргызстанда жаңы салык кодекси иштелип чыгат.
Экономика жана каржы министрлигинен билдиришкендей, башкы максат — салык
мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу жана салык
төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Пландалгандай,
ашыкча КНСтин ордун толтуруунун жана кайтарып берүүнүн механизми
жөнөкөйлөштүрүлөт жана салыктык талаш-тартыштарды кароонун
альтернативалык ыкмаларын караган механизм иштелип чыгат.