Токтогулдагы суунун көлөмү 7 млрд 770 млн метр кубга жетти

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 770 млн метр кубга жетти. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө суу сактагычка секундасына орточо 352 метр куб суу агып кирип, сууну керектөө секундасына 197 метр кубду түзүүдө.

 

Былтыр ушул маалда өлкөнүн башкы резервуарында 8 млрд 155 млн метр куб суу бар болчу.

 

Эске салсак, буга чейин адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшсө, ГЭС авариялык абалга кептелерин билдирген. Мындан улам, жарыкты үнөмдүү пайдалануу сунушталат.