Ушул жумада дээрлик бардык аймактарда жаан жаашы күтүлөт

Кыргызстанда шаршемби жана бейшембини кошпогондо ушул жумада дээрлик бардык аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Сел жүрүү коркунучу да бар.

 

Абанын температурасы дем алыш күндөрүнө чейин бир топ жагымдуу болот. Маселен, түнкүсүн 12…17 градус жылуу, күндүз 25…30 градус нөлдөн жогору болот.

 

Бишкекте эртең күн чыгып, аба табы кыйла көтөрүлө баштайт. Ал эми 9-майда температура плюс 30 градуска чейин жетет.