Кыргызстанда жакынкы 2 жума аралыгында күйүүчү-майлоочу материал дагы кымбаттайт

Кыргызстанда жакынкы 2 жума аралыгында күйүүчү-майлоочу материал дагы кымбаттайт. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

 

Анын айтымында, октябрдын ортосуна чейин бензиндин бир литринин баасы болжол менен 1,5 сомго, дизелдик отундуку 1 сомго көтөрүлөт. Айдын экинчи жарымына азырынча божомолдор жок.

 

Андагы баалар дүңүнөн кое берилген баа белгилүү болгондо жарыяланат. Эшатов белгилегендей, мунай ташуучулар отундун наркын туруктуу кармап туруу үчүн болгон аракетин жумшап жатат.