Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө бардыгы даяр

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө бардыгы даяр. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 116 тестирлөө борбору бар. Жалпы республикалык тестирлөөгө 42 миң 817 абитуриент катталды. Эске салсак, ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин өтөт.