Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жолун куруу боюнча долбоордун катышуучу мамлекеттери сүйлөшүүлөрүн улантууда

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жолун куруу боюнча долбоордун катышуучу мамлекеттери сүйлөшүүлөрүн улантууда.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кеп темир жолдун кеңдиги, станциянын жайгашуусу жана биздин өлкө аркылуу өтө турган каттамды талкуулоо тууралуу болууда.

 

Ведомстводон эске салышкандай, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу Кытайдан биздин өлкөгө жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине товар жеткирүү кыйла жеңилдейт.