Нарындагы төрөт үйүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Нарын облустук төрөт үйүнүн алты кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

 

Анын айтымында, өткөн суткада Нарын облусу боюнча жети учур катталып, анын алтоо медицина кызматкерлери болгон.

 

“Бул бейкапар мамиле жасагандан болуп калдыбы деп ойлойм. Анткени шарттарды түзүп бергенбиз, этибарга албай койгондуктан ушуга келип жатат окшойт. Коопсуздук боюнча бардык иш-чаралар аткарылды, кызматкерлер обсервацияга алынган. Учурда башка кызматкерлер келип, төрөт үйү штаттык режимде иштеп жатат”, — деди Үсөнбаев.

Бир сутканын ичинде Кыргызстан боюнча 21 адамдан COVID-19 табылган. Ал эми жалпысынан өлкө боюнча 241 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, арасынан 186сы айыгып чыкты.