Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 10, Чүйдө 1, Жалал-Абадда 3, Нарында 7 учур катталды.

 

Алардын экөө Россиядан, бири Дубайдан келгендер. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 миң 37ге жетти.