Кыргызстанда россиялык дагы бир вакцина каттоого алынды

Кыргызстанда россиялык дагы бир вакцина каттоого алынды.

Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаментинин маалыматына ылайык,

«Спутник Лайт» вакцинасы бир компоненттүү. Анын натыйжалуулугу эмдөөнүн

28 күнүнөн тартып 79 пайызга чейин жетет. Препараттын 80 пайызынын таасири

эки компоненттүү вакциналардан күчтүүлүк кылат. Белгилеп кетсек, Кыргызстан

Россия өндүргөн «Спутник V» вакцинасын быйыл февралда каттоого алган.

Аны 67 өлкө жактырды. Натыйжалуулугу 97 пайызга бааланат.