Алай районунда көчмө клиника иштеп баштады

Алай районунда көчмө клиника иштеп баштады.

Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей,

мобилдүү клиника калкты тейлеп жатат. Ал рентген аппараты менен камсыздалган.

Терапевт, пульмонолог, дарыгерлер элди акысыз көрүп, жардам көрсөтүүдө.

Көчмө клиника ушул жума аяктаганга чейин райондун борбору Гүлчө айылында болот.

Андан кийин райондун айылдарын кыдырат, — дешти өкүлчүлүктөн.