Түркия Кыргызстандын айыл-чарба тармагына жардам көрсөттү.
Ведомстводон билдиришкендей, берилген жардам үрөн жана жер семирткич түрүндө.
Анда жарым тонна төө буурчак, 5 тонна буудай жана жарым тонна жүгөрү бар.
Мындан тышкары, 2 тонна аммиак селитрасы жана 3 тонна аммофос
минералдык жер семирткичтери жеткирилди. Келген жүк Айыл чарба
өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментине тапшырылды.