Кыргызстанда жогорку окуу жайларды карантинге жабууга негиз жок

Кыргызстанда жогорку окуу жайларды карантинге жабууга негиз жок. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди. Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык абалга байланыштуу 4 кеспитик лицей жабылды.

 

Ал эми университеттер кадимки тартипте иштеп жатат. Студенттердин 20 пайыздан ашыгы окууга келбей калса, ЖОЖду жабуу чечими каралат.

 

Белгилеп кетсек, учурда курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого чалдыгуу кескин көбөйгөндүктөн, республикада 168 бала бакча жана 509 мектеп карантинге жабылды.