Кыргызстанга вакцина алган же ПЦР тест тапшырган чет элдиктер гана киргизилет

Кыргызстанга вакцина алган же ПЦР тест тапшырган чет элдиктер гана киргизилет.

 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагына кирген жарандар акыркы 72 саат аралыгында жасалган ПЦР тесттин жыйынтыгын же вакцина алгандыгын тастыктаган сертификат көрсөтүшү керек.

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20 мамлекеттин сертификаттары таанылат, тизме улам кеңейтиле берет, — дешти министрликтен.