Евразиялык экономикалык бирикменин өлкөлөрүнөн келген мигранттарга Россияда жүрүү шарттары жеңилдетилет

Евразиялык экономикалык бирикменин өлкөлөрүнөн келген мигранттарга Россияда жүрүү шарттары жеңилдетилет. Тиешелүү өзгөртүүлөр Евразиялык экономикалык бирикме жөнүндө келишимине киргизилди.

 

Ага ылайык, педагогикалык жана юридикалык тармактардагы квалификациялар жөнүндө документтерди, окумуштуу наамдарын таануу пландалууда.

 

Иштеп жаткан мигранттар өлкө аймагына кирүү максатын андан чыкпастан өзгөртө алат. Евразиялык экономикалык бирикеменин курамына Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет.