Садыр Жапаров кичи ишкерликти колдоо жана жагымдуу салык климатын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, жылдык жүгүртүмү 8 миллион сомго жеткен субъектилер салыктан бошотулат.
Бирок алар ишинде сөзсүз түрдө кассалык аппаратты жана электрондук эсеп-фактураларды колдонушу шарт. Ишкерлер киреше салыгын, жер салыгын, кыймылсыз мүлк салыгын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн гана төлөйт. Андан тышкары, бизнесменде экспорттук-импорттук операциялары болбошу керек.