Ошто коомдук тамактануу жайларынын иш убактысы узартылды

Ошто коомдук тамактануу жайларынын иш убактысы узартылды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мындай чечимди шаардык штаб кабыл алды.

 

Ага ылайык, кафе, ресторандар эми санитардык талаптарды сактаса, түн жарымга чейин иштей алат. Буга чейин алар кечки саат 10до жабылчу. Анын ортосунда, парк жана скверлер сейилдөөгө жабык.