Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде келишим акысы 3 жыл көбөйбөйт жана өзгөрбөйт

Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде келишим акысы

3 жыл көбөйбөйт жана өзгөрбөйт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, ата-энеси

жок жана алардын багуусунан ажыраган балдарга, ошондой эле майыптыгы бар

жарандарга тиешелүү. Кошумчаласак, Кыргызстанда 73 жогорку окуу жай бар,

алардын 33ү мамлекеттик болсо, 40ы мамлекеттик эмес. Быйылкы окуу жылында

219 миң студент бар. 26 миңи – гранттык негизде били алса, 192 миңи контракттык негизде окуйт.