Американын 6 штатында торнадо катталды

Американын 6 штатында торнадо катталды.

Бул тууралуу РИА Новостинин Telegram каналы билдирди.

Бороон-чапкын АКШнын чыгыш тарабын, анын ичинде Иллинойс,

Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарын каптаган.

Жаратылыш кырсыгы Кентуккиде 70 кишинин өмүрүн алган, ошондой эле

Теннессиде үч жана Иллинойсто алты адам каза тапты. ЖМКлардын жазышынча,

Иллинойстогу Amazon компаниясынын кампасында кишилер иштеп жатканда

куюн учуруп кеткен. Президент Жо Байден жабыр тарткан аймактарга тиешелүү

жардам берүүнү тапшырды. Өлкө башчы бул АКШ тарыхындагы оор кесепеттерге

алып келген катуу шамал экенин белгилеген. Ал арада Кентуккиде өзгөчө

кырдаал жарыяланган, штаттын губернатору Энди жаратылыш апааты

аймакта кеминде 100 кишинин өмүрүн алышы мүмкүндүгүн айткан.

Учурда бардык аймакта дайынсыз жоголгондор изделүүдө.