Ош – Баткен – Ноокат унаа жолу калыбына келтирилет.
Ноокат районуна тиешелүү 47 чакырым аралыкка асфальт төшөө пландалууда.
Бул болжолдуу түрдө Зулпуков айыл аймагынан Төөлөс айылына чейинки
27-75-чакырым болот. Жолго асфальт төшөө менен бирге тротуар тушүрүлүп,
көчө жарыктандырылат. Ошондой эле жумуштар аяктагандан кийин жол
4 тилкелүү болот. Иштерди 2022-жылдын жазында баштоо пландалууда.
Долбоорду ишке ашырууга 116 миллион доллар керектелет.
Сумма япония берген насыянын эсебинен берилет.