Кыргызстан мектептеринде мугалимдердин жетишсиздиги сакталууда.
Учурда билим берүү мекемелери 755 педагогго муктаж, — деп билдиришти
билим берүү министрлигинен. Сентябрдын башында республика боюнча
2 миң 150 адис жетишсиз болчу. Бирок 15-сентябрга карата жаш
мугалимдердин мектептерге келиши менен муктаждык төмөндөдү.
Ведомстводон үмүттөнүшкөндөй, калган ваканттык орундарга
келишимдик негизде билим алган студенттер келет