Кыргызстан  Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу соода-сатыктын башка жолдорун караштыра баштады

Кыргызстан  Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу соода-сатыктын башка жолдорун караштыра баштады. Экономика министри Санжар Муканбетов билдиргендей, ишкерликти коргоо максатында атайын программа даярдалып жатат.

 

Альтернатива катары Индия, Пакистан, Индонезия, Түштүк Корея, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Бириккен Араб Эмираттары каралууда. Кытай — Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү.

 

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына караганда, 2019-жылдын биринчи жарымында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товар 844 миллион долларга жеткен.