Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде 96-позициясын сактап калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде 96-позициясын сактап калды. Анын активинде 1 миң 240 упай бар. Команда бул орунда өткөн жылдын ноябрынан бери жайгашууда.

 

Жалпысынан, ФИФА рейтингинде 210 курама бар. Лидерлердин үчилтигине Бельгия, Франция жана Бразилия кирет. Тизмеде өзгөрүүлөр дээрлик болгон жок. Бул пандемия учурунда дүйнөдө футбол токтотулганына байланыштуу.