Непалда Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасынын оюнчулары (U-23) мелдеш алдында алгачкы машыгууларын өткөрүштү.
Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук биримдиги маалымдады.
Өлкөнүн жаштар курамасынын оюнчулары (U-23) Непалда башталуучу «Үч улуттун кубогу» мелдешине катышуу үчүн 21-мартта учуп кетишкен.
Бул курама топто 23 жашка чыга элек футболчулар ойнойт.