Кыргызстандык 9 жаштагы кыз муз тебүү боюнча Австрия чемпиону болду.
Өлкө чемпионатында жалпысынан 22 кыз атаандашты. Кыргызстандык
Элес Намазалиева ата-энеси менен Австриянын Линц шаарында жашайт.
Учурда ал көркөмдөп муз тебүү боюнча Австриянын курама командасынын мүчөсү.
9 жаштагы мекендеш мындан тышкары бир катар эл аралык сынактардын катышуучусу.