Кыргызстандык Ильзат Ахмедов Россияда эң кымбат футболчулардын рейтингинде

Кыргызстандык Ильзат Ахмедов Россияда эң кымбат футболчулардын рейтингинде.

Азыркы тапта оюнчу 7,5 миллион еврого бааланууда. Ал «Рубинден» кеткен учурда

400 миң еврого бааланып жаткан. Бир жарым жыл аралыгында ЦСКАнын жарым

коргоочусунун баасы 7,5 миллион еврого чейин өстү. Анда биздин мекендеш

20-сапка жайгашты. Ал эми рейтингдин сап башына ЦСКАда ойногон Марио Фернандес

30 миллион евро менен чыкты. Экинчи орунга «Монако» футболчусу Александр Головкин

25 миллион евро менен илинди. Үчүнчү сапта «Локомотивдеги» Алексей Миранчук 18 миллион евро менен турат.