Бишкекте волейбол боюнча эркектер арасында өлкө чемпионаты башталды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
мелдеш 1-февралдан 5ине чейин спорт ордосунда өтөт. Өлкө биринчилигине
12 команда күч сынашат. Турнир көрүүчүлөрү жок өтөт.
Бардык санитардык нормалар сакталат.