Кыргызстанда кыргыз-чех окуу борбору түзүлөт

Кыргызстанда кыргыз-чех окуу борбору түзүлөт.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул биздин өлкө менен Чехия-Борбор Азия соода палатасынын ортосундагы келишимдин алкагында каралган.

Борбор бүтүндөй Борбор Азия үчүн иштейт.

Анда студенттер чет тилдерин, анын ичинде чех тилин үйрөнүшөт.

Ошондой эле кыргызстандыктар Чехиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.