Кыргызстандагы мейманкана жана ресторандардын кирешеси 6 млрд сомдон ашты

Кыргызстандагы мейманкана жана ресторандардын кирешеси 6 миллиард сомдон ашты.

Ушул жылдын январынан май айына чейинки маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 1 миллиард сомдон ашыкка өстү.

Мекеме бул багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көбү Бишкекте, экинчи орунда Ош шаары жана үчүнчү орунда Ош облусу экенин белгилейт.

Мейманканалардын, кафелердин жана ресторандардын кызматтары эң аз Нарын облусунда колдонулган.