Өлкөдө кыска мөөнөттүү 60 мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү пландаштырылууда

Кыргызстанда балдар үчүн кыска мөөнөттүү 60 мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү пландаштырылууда.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор үч жаштан беш жашка чейинки 3 миңден ашык баланы камтыйт.

Алар негизги, кошумча өнүктүрүү жана билим берүү программалары боюнча окута турганы белгиленди.

Мектепке чейинки билим берүүнүн мындай форматы салттуу бала бакчаларга салыштырмалуу экономикалык жактан үнөмдүү болору айтылууда.