Нарын облусунда спорт комплекси курулат. Тендер аймактагы капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган.
Объект Ат-Башы районунун Калинин айылында жайгашат.
Курулушка 58 миллион сомдон ашык каражат бөлүү пландаштырылууда. Акча мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.