Кыргыз-казак чек арасындагы “Түп-Кеген” көзөмөл өткөрүү бекети иштеп баштайт.
Өкмөттүн Ысык-Көл облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Түп районундагы
Каркыра жайлоосу аркылуу жүк ташуучулар жана чет өлкөлүк туристтер келе алат.
Ушул айдын соңуна чейин көзөмөл-өткөрүү түйүнүнө 3 контейнер орнотулат.
Анда медицина кызматкерлери нөөмөттө болуп, жүргүнчүлөрдүн дене табы өлчөнөт.