Бишкекте бүтүрүү кечелерин түнкүсүн жана кечкисин өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкекте бүтүрүү кечелерин түнкүсүн жана кечкисин өткөрүүгө тыюу салынды. Мэриядан белгилешкендей, мектепти аяктоо боюнча бардык иш-чаралар 25-майда эртең мененки саат 9да өтөт.

 

Майрамдоого ата-энелерден акча чогултууга болбойт. Билим берүү департаментинин жана райондук борборлордун кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт жүргүзөт. Мектеп тарабынан кандайдыр бир бузуулар аныкталса, директорду кызматтан кетирүүгө чейинки чаралар көрүлөт.