Ош шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды

Ош шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, заманбап борбор “Бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде түзүлгөн.

Бул жерде документтерди каттоо жана кабыл алуу кызматтары үчүн 35 “терезе”, өзүнчө маалымат берүү кызматы, сүрөткө түшүүчү жай, кенен күтүү залы, ошондой эле эне жана бала үчүн бөлмө бар.

Мындан тышкары нотариустар жана банктык кассалар жайгашкан.