Биздин өлкөнүн 519 жараны Россиядан Бишкекке келе жатат

Биздин өлкөнүн 519 жараны Россиядан Бишкекке келе жатат.

Алар медицина кызматкерлеринин коштоосунда 9 автобус менен жолго

чыгышканын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Эми Оренбургда Кыргызстандын дагы 70 жараны унаалары менен калды,

алар Казакстандын чек арасынын ачышын күтүшөт. Кыргызстандык жарандардын

унаалары үчүн Оренбург облусунун бийлиги Соль-Илецк

шаарындагы аскер бөлүктө акысыз унаа токтотуучу жай берди.