Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу ниетинде.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаковдун Бишкектеги жолугушуусунда талкууланды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан такташкандай, анда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, инвестициялык, айыл чарба жана транспорттук логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерине көңүл бурулду.
Эске салсак, Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин жакынкы 3 жылда ишке киргизүүнү максат кылып жатат.
Курулуш иштери ушул жазда башталат деп күтүлүүдө.