Криштиану Роналду киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты.
Бул тууралуу Р-Спорт билдирет. 35 жаштагы форвард кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн «Наполи»
менен оюнда гол киргизип, беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктады.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген
760-голу болду. Муну менен ал Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон
чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.