Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын 10:0 эсебинде жеңди

14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.

62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова румыниялык балбан кыз Криста Тундени 0:10 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки баскычка өттү.

Анын кийинки баскычтагы атаандашы түркиялык Кансу Аксой аттуу балбан кыз болмокчу.