Ички иштер министрлиги унаанын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм ыкмасын өзгөртүү ниетинде

Ички иштер министрлиги унаанын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм ыкмасын өзгөртүү ниетинде.

 

“Кабар” жазгандай, учурда ведомство каржылык мекемелер менен биргеликте тонировка үчүн насыя берүү суроосун карап жатат.

 

Андан тышкары, уруксатты онлайн режимде берүү маселеси каралууда. Бул учурда каалоочулар “Унаа” мамлекеттик ишканасына келбей эле, машинесинин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат ала алат.