Баткен облусунда тажик тараптын куралдуу кол салуусунда талкаланган 416 үйдүн курулушу жыйынтыкталды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, дагы бир обьекттин курулушу 2 күндө жыйынтыкталат, ал Ак-Сай айылында жайгашат.
Жалпысынан республикалык бюджеттен курулуш иштерине 1 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн.