Ордо калаадагы «Семетей» госпиталы жабылат.
Ал коронавирустун экинчи толкунуна даярдалат.
Республикалык штабдан билдиришкендей,
учурда анда 20 бейтап дарыланууда.
Мекеме бейтаптар ооруканадан чыккандан кийин ишин токтотот.
Госпиталда жалпысынан 1 миң 300дөн ашык орун бар.
Имарат дезинфекцияланып, жабдуулар жана кадрлар менен толуктоо иштери жүргүзүлөт.
Кошумчаласак, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында
орундар жетишпей, күндүзгү жана түнкү стационарлар уюштурулду.